18-октябрдан тартып Дордой базарына №226 автобус каттай баштады.
Бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” СБКнин жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды.
Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” СБКга чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 18 автобус кызмат көрсөтөт.
Белгилей кетсек, бул ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында ишке ашырылды.
Каттамдын узактыгына карабастан, жол кире баасы өзгөрүүсүз калат.