Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы”, “Дилгир” жана “Кыргыз тилин сүйөмүн” көркөм окуу кароо-сынагы Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын уюштуруусунда өттү.
Кароо-сынактын калыстар тобунун мүчөлөрү Бишкек шаарынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Ч.А.Бактыгулова, ЛРББнын адиси Ч.Т.Ишеналиева, өткөн жылкы “Дилгир” кароо-сынагынын жеңүүчүсү №84 мектебинин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Э.Ж.Зарипбеков, “Дилгир” кароо-сынагынын жигердүү катышуучусу №90 мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими Т.Б.Бекеева жана №82 мектебинин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары С.М.Мурзаканова, №25 мектебинин мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары А.М. Исманова, №42 мектебинин кыргыз тили, адабият мугалими Р.Т.Бейшеналиева , №58 мектебинин кыргыз тили, адабият мугалими Н.Р. Русланова, №13 мектеп гимназиясынын мугалими Ы.М.Калыкова калыстык бааларын берип, жыйынтык чыгарышты.
«Кыргыз тилин сүйөмүн» көркөм окуу сынагына жалпысынан 23 окуучу катышып, анын ичинен №31, №2- мектептердин окуучулары 1-2-3-орундарга ээ болушту.
Ал эми «Дилгир» сынагына 10 жаш мугалим катышып, жобого ылайык 1-2-3-орундарды ээлеген мугалимдер шаардык сынакка жолдомо алышты.
Бул багытта өткөрүлгөн мелдеш өз максатына жетип, катышуучуларга да, көрүүчүлөргө да кызыктуу болду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аттуу үч айлык иш-чаранын алкагында өткөрүлүүдө.