Борбор калаада графикке ылайык, 2023-жылдагы Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн акыркы жыйындары өтүүдө.

Иш-чаралар борбор калаанын акимияттарынын жетекчилигинин катышуусунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары өткөрүүдө.

Өкүлдөрдү тандоо 16-октябрда башталып,   25-октябрында аяктайт.

Биринчи май районунда учурда 10 жыйын өтүп, 71 делегат шайланды.

Октябрда  районунда да  буга чейин 3 жыйын өттү, 73 делегат шайланган. Ленин району боюнча 4 жолу чогулуш болуп, 30 делегат шайланган. Свердлов районунда 7 жыйын болуп, 43 делегат шайланды.

Белгилей кетсек, иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 5-октябрдагы №90 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруу жөнүндө"    токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.  

Бишкек шаардык кеңеши тиешелүү токтом кабыл алды, анда:

- Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссия түзүлдү;
- шаардык Курултайга өкүлчүлүктүн нормасы белгиленген (Бишкек шаары боюнча 500 делегат);
- Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди;
- Бишкек шаарынын Курултайынын датасы, убактысы жана орду белгиленди;

Комиссия ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Биринчи Элдик Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук жана практикалык иш-чаралардын календарлык планын, Республикалык уюштуруу комитетинин чечими менен бекитилген Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча көрүлгөн кадамдарга, мындан тышкары, Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын өз чечимдерине ылайык иш алып барат.