Борбор калаанын мектептеринде 6-11-класстын окуучулары арасында сергек жашоо темасында “Мыкты класстык саат” сынагы өттү.
№ 83, 78, 19, 86, 6 билим берүү уюмдарынын класс жетекчилеринин арасында жаш курак, өспүрүм курак, виртуалдык көз карандылык, ошондой эле чоңдордун жашоо стадиясын калыптандыруу, чечим кабыл алуу жана алдыга коюлган максатка ийгиликке жетишүү темасында өтүп, мыктылар аныкталды.
Жыйынтыгында 1-орунду №78 мектептин мугалими Кабаева Нургиза Байспековна, 2-орунду №86 мектептин мугалими Молдобаева Ырыскүл Калыковна, 3-орунду №6 мектептин мугалими Абылаева Анархан Таалайбековна ээледи.
Сынактын максаты – мугалимдерди сергек жашоо, ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча сабак өтүүгө шыктандыруу жана мотивациялоо, ошондой эле таланттуу жана чыгармачыл класс жетекчилерди колдоо болуп саналат.
Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да уланат.