Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Бишкектин мектептеринде “Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов” кароо-сынагы башталды.
Учурда Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарында мугалимдер арасындагы «Дилгир» шаардык сынагына, окуучуларга «Мен кыргыз тилин сүйөм» номинациясына конкурстук этаптар өтүүдө.
Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуу чеберчилиги боюнча ат салышты.
Жыйынтыгында №69 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жаныбек кызы Гүлгаакы жана №49 мектептин мугалими Осмоналиева Жаркынгүл жеңүүчү деп табылды.
«Мен кыргыз тилин сүйөм» номинациясында 1-орунду №27 мектептин окуучусу Жасмин Инаятова, 2-орунду №61 мектептин окуучусу Горынина Александра, 3-орунду №54 мектептин окуучусу Гусейнов Беналы ээледи .
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана шаардык сынакта ийгиликтерди каалайбыз.