“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги коомдук транспорттун техникалык абалын текшерүү максатында рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы текшерилди. Текшерүү таңкы саат 5:00дөн 7:00гө чейин жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.