Борбор калаанын муниципалитетинде аппарат жетекчи Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү, райондордун акимдери жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда милдеттүү камсыздандыруу боюнча жыйын өттү.
Жыйында 2023-жылга карата камсыздандыруу маселеси, аткарылган иштер боюнча маалымат угулду.
2023-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары жана муниципалдык аймактык башкармалыктары мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Чүй-Бишкек филиалынын өкүлдөрү менен биргеликте 1 149 келишим түзгөн:
- Ленин району – 262;
- Октябрь району – 277;
- Биринчи май району – 397;
- Свердлов району – 213.
Бишкек шаарынын административдик райондорунун башчыларына төмөнкүлөр тапшырылды:
– бир айлык мөөнөттө «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын өкүлдөрү менен биргеликте администрациялык райондордун кварталдык жана үй комитеттеринин активдери, эмгек жамааттары менен жолугушуулардын графигин бекитүү жана жолугушууларды уюштуруу;
– Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына жарандардын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруунун үч жылдык календардык планын (графигин) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
–Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу жөнүндө калкты маалымдоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, турак жайларды милдеттүү камсыздандырууну «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК жүргүзөт.
Мыйзамдын максаты өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү болуп саналат. (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111253)
Айыл жерлери үчүн турак жайды камсыздандыруу жылына 600 сомду, шаарлар үчүн жылына 1200 сомду түзөт. Эгерде сиздин үйүңүз толугу менен талкаланса же күйүп кетсе, анда айылда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКтан 500 миң сом, ал эми шаарда 1 миллион сом ала аласыз.
Толук маалымат https://gso.kg/ сайтында же телефондору боюнча 0502 556 699, 0998 088 048