2023-жылдын  10-14- октябрь күндөрү  борбор калаанын мугалимдери Елабуга шаарында (Татарстан Республикасы) билимин жогорулатуу курсуна катышышты.

Иш-чаранын программасы абдан кенен болгон. Билимин жогорулатуу курсуу эки бөлүктөн, биринчиси онлайн форматында өтүлгөн, кийинки бөлүгүндө мугалимдер  Елабуга  институтун Казан федералдык университетине барышты.

Белгилей кетсек, программанын алкагында педагогтор жеткинчектер менен иштөө  жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашышты.

Билим берүү департаменти иш-чараны уюштурууга катышкан баардык активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирет.