Ленин районунда батирлердин мыйзамсыз ижарага берилгенин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өтүп жатат.

Көптөгөн батир ээлери салыктарды туура төлөөнү тандашат, ал эми алардын айрымдары мыйзамсыз батир бизнесин улантышат. Шаардыктардын көп даттанууларынан улам жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, Ленин акимиатынын кызматкерлери салык кызматынын инспекторлору жана райондун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү,  МАБдын адистери менен биргеликте  турак жай аянтын ижарага берген адамдарды (батир берүүчүлөрдү) салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бул ишти жүргүзүү үчүн райондун аймагындагы батир тапшыруучулардын маалымат базасы түзүлдү.

Бүгүнкү күндө №5 МАБдын карамагындагы имарат, турак үйлөрдө жана көп кабаттуу үйлөрдө иштер жүргүзүлүүдө, батир жана үй ээлерине 150 билдирүү тапшырылды, алар боюнча көзөмөл жана иш жүргүзүлүү улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Салыктарды өз убагында төлөөгө чакырабыз! Салыктар-бул жаңы мектептер, жолдор, скверлер.