Райондун башчысы Жыргалбек Шакиев биринчи орун басары менен биргеликте Ош базарынын аймагындагы көрктөндүрүү, экологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо, аймактын санитардык абалын көзөмөлдөө жана такталбаган жерлерде уруксатсыз башаламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюу боюнча текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкерлерге Ош базарынын жана райондун аймагында жайгашкан базарларды жана чакан базарларга жанаша жайгашкан аймактарды санитардык тазалоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле башчы башаламан сооданы жоюу боюнча иштеп жаткан мобилдик топко рейддерди күчөтүлгөн тартипте өткөрүүнү тапшырды.