5-октябрдан 12-октябрга чейин Бишкекте Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Акиншиндин элесине арналган салттуу теннис боюнча турнир өттү.
Турнир Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы теннис боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин теннис кортторунун базасында өттү.
Спорттук мелдеш эки жаштык тайпада өткөрүлдү. Ага ар түрдүү спорттук клубдардан жана мектептерден 125тен ашык спортчу катышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрү:
2006-2010-жылдары туулган балдар арасында:
Темирлан Бекдылдаев – 1-орун;
Роман Ким – 2-орун;
Ридван Лоянов – 3-орун.
2006-2010-жылдары туулган кыздар арасында:
Жылдыз Райканова – 1-орун;
Аизерек Мызаева – 2-орун;
Саадат Мызаева – 3-орун.
2011-жылы туулган балдар арасында:
Эльдар Кулджаев – 1-орун;
Алан Богданов – 2-орун;
Максим Ким – 3-орун.
2011-жылы туулган кыздар арасында:
Сезим Абдурасулова – 1-орун;
Айкөкүл Алимова – 2-орун;
Сабина Казакбаева – 3-орун.
Бишкек шаарынын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.