Катышуучуларды Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Абдужалил Юнусов майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.


Мелдешке ар кайсы курактагы сексенден ашуун спортчу катышты.


Жыйынтыгында 500 метр аралыкта чуркоодо 1-орунду Жусуп кызы Айдана, 2-орунду Антон Рящупкин жана 3-орунду  Халип кызы Ануска багындырды.


2 миң метр чуркоодо 1-орунду Азамат уулу Темирлан, 2-орунду Екатерина Сурина жана 3-орунду Екатерина Моисенко алды.


5 миң метр аралыкта чуркоодо 1-орунга Тунук Алмазбеков, 2-орунга  Жантай Шайлообеков жана 3-орунга Бакыт Кадыршаев ээ болду.


10 миң метр аралыкка чуркоодо 1-орунду Бакыт Момуналиев, 2-орунду Роман  Асанканов жана 3-орунду Улукбек Алмазбеков багындырды.


Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, медаль жана белектер тапшырылды.