Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү иштерин контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеокөзөмөл тутумдары үчүн көчө шкафтарын талаптагыдай эмес тейлөө боюнча Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2023-жылдын 16-октябрына чейин мыйзам бузууну четтетүү боюнча эскертүү берилди.

Бирок, эскертүү аткарылбагандыгына байланыштуу  2023-жылдын 16-октябрында муниципалдык инспекциясы тарабынан мыйзам бузуу фактысы боюнча   "Укук бузуулар жөнүндө"  Кодексинин 434-беренесине ылайык протокол түзүлдү.

Ошондой эле, «Кыргыз почтасы» ААКнын, Көлбаев атындагы Бишкек автоколледжинин, Бишкек тоо-кен техникалык колледжинин   имараттарынын тышкы эстетикалык көрүнүшү боюнча берилген эскертүүлөрдү аткарбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренесине ылайык протокол түзүлүп,  комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарында тазалыкты жана тартипти сактоону суранабыз!