"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы жашылдандыруучулары  калаанын  бир нече көчөлөрүн компакт туя деп аталган ийне жалбырактуу  жаңы көчөттөрү менен кооздоду.

Бишкектин жаңы «жашыл» тургуну компакт туясы- анча чоң эмес, жыйнактуу, таажысы бар укмуштуудай ийне жалбырактуу өсүмдүк. Бийик өскөн сортунун бийиктиги он метрге чейин жетет, шаар шартында жол жээктерин тосуу үчүн  отургузууга өтө ыңгайлуу.

Ошентип бул жумада  шаардын жашыл дарактары дагы алты жүзгө көбөйдү!

Тынчтык проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишине, ошондой эле Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев  көчөсүнө чейин туялардын жаңы сорту отургузулду.

Бул ийне жалбырактуу өсүмдүктөр Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынын Краснодар шаарынан «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын жетекчилиги тарабынан атайын алынып келинген.