Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2023-жылга курулуштардын титулдук тизмесине ылайык, Учкун конушундагы №89 орто мектептин аймагына канализациялык насостук станциянын курулушу улантылууда.

Учурда резервуарлар үчүн котлаван казуу иштери аяктады, резервуарларды куруу, темир-бетонду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Подрядчы — «Арай» ЖЧКсы.