Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков фельдшердик-амбулатордук пункттун (ФАП) курулушунун сапатын жана бардык зарыл стандарттарга жана талаптарга шайкеш келишин текшерди.

Курулуш иштерин подрядчы «Баят Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Учурда кирпич дубалдарын орнотуу  иштери аяктады.

Амбулаториянын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт.

Бул долбоор "Smart Generation" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат. ФАПтын маанилүүлүгү калктын жашаган жерине жакын жерде медициналык жардам менен камсыз кылуу болуп саналат. Ал медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана медициналык жардам алууга зарыл болгон убакытты кыскартууга шарт түзөт.