Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга жарандардын конституциялык укугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы  жана Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн “Ачык Бишкек” комитети ачык-айкындуулук, отчеттуулук жана шаарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун чыңдоого багытталган демилгелерди кабыл алууну жарыялайт.

Сунушталган демилгелер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

- мэриянын жана шаардык кызматтардын ишинин ачыктыгын күчөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү; шаардыктар үчүн маанилүү чечимдерди биргелешип кабыл алуу үчүн шаардык бийлик менен шаардыктардын өз ара аракеттенүү платформаларын же механизмдерин түзүүгө;
- «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинде аткарылууга;

- Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын артыкчылыктуу багыттарына жооп берүүгө;
- жарандар үчүн конкреттүү натыйжаларды баяндоого.

Мыкты демилгелер Ачык Бишкек комитетинин биргелешкен иш планына киргизилет.

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдына алуу жана санариптик башкаруу технологияларын киргизүүгө багытталган демилгелер артыкчылыктарга ээ болот.

Демилге берүүчүлөр болуп демилгени ишке ашырууга катышууга даяр жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Демилгенин аткаруу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш.

Кызыктар тараптар үчүн демилгелер боюнча консультация 2023-жылдын 31-октябрында саат 9.30да Бишкек ш., Орозбеков көч., 87 дарегиндеги Парк Отелде өтөт.

Консультацияга 0770 77 11 14 телефону же AMamytov@dpi.kg электрондук почтасы аркылуу 2023-жылдын 27-октябрынан чейин жазылсаңыз болот.

Консультация алдын ала жазылуу менен гана жүргүзүлөт!

Демилгелердин мазмуну боюнча суроолор болсо Сатыбеков Бакытка (0559) 74-55-74 телефону же b.satybekov@gmail.com электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот.

Демилгелер 2023-жылдын 15-ноябрына чейин кабыл алынат.

Демилгеңизди төмөнкү шилтеме аркылуу тапшырсаңыз болот:
http://www.ogp.el.kg/ru/podat-iniciativu

Мыкты деп тандалып алынган демилгелер “Ачык Бишкек” комитетинин биргелешкен иш планына киргизилет.

Эске сала кетсек, “Ачык Бишкек” долбоорунун максаты Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Ал өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ЖӨАБ органдарынын ачыктыгы жана отчеттуулугу боюнча идеяларды, инструменттерди жана механизмдерди киргизген платформаны түзүүгө багытталган.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана жарандык коомдун өкүлдөрү, сиздерди борбор шаарыбызды өнүктүрүүгө активдүү катышууга жана салым кошууга чакырабыз!