Свердлов районунда үй-бүлөсүнө зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү, кайталанган окуяларды алдын алуу боюнча атайын программа жүргүзүлүүдө. Программада психологдор жана атайын адистер аркылуу жеке жана топтук сабактар өткөрүлүүдө.

Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамдар менен 8 келишим түзүлүп, коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган. Алардын ичинен 7 адам жеке адамдар үчүн түзөтүү программасын ийгиликтүү аяктаган.

Программанын максаттары:

- үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жарандарга көмөк көрсөтүү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жоопкерчилигин  жогорулатуу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанган учурларын болтурбоого көмөктөшүү.