Свердлов акимиаты Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, МАБ жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Курманжан Датка көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин боюнда орнотулган жарнама конструкцияларын демонтаждоо иштерин жүргүзүштү.

Иштин жүрүшүндө соода объектилеринин кызыл сызыктан чыгып кеткен 4 бастырмасы буздурулду. Андан сырткары 350 жарнама  конструкциялары демонтаждалган. Мындан тышкары, муниципалдык аймакты туура эмес пайдалануу жана уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкцияларын орнотуу боюнча 8 протокол түзүлдү.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында өткөрүлдү.