Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жарнамалык конструкцияларды алуу, иретке келтирүү ишин жүргүздү.
Алсак, Свердлов району боюнча Жибек-Жолу проспектисинен (ЧЧК) баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин рейд жүрдү. Рейддин жүрүшүндө уруксатсыз орнотулган 398 жарнамалык конструкциялар алынды. Ошондой эле уруксат кагаздары жок орнотулган 75 чарчы метрди түзгөн 6 бастырма демонтаждалып, анын ичинен 2 бастырма Курманжан Датка көчөсүндө жана 4 бастырма Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан.
Мындан тышкары, муниципалдык аймакка өз билемдик менен орнотулган 30 метрлик темир тосмо алынды.
Учурда Биринчи май районунда демонтаждоо иштери жүрүп жатат.