20-августтан тарта коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда.
Буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз.
Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.
Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.