Борбор калаанын акимиаттары  Курултайга кызуу даярдык көрүүдө.

Иш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 5-октябрдагы №90  “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча иш-чаралардын планы түзүлүп, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги бекитилди.

Алсак, Бишкек шаарында райондордун калкынын саны боюнча 500 делегат бар:

- Ленин району - 125 делегат (290 миң 700 адам);
- Октябрь району - 140 делегат (325 миң 400 адам);
- Биринчи май району - 101 делегат (234 миң 900 адам);
- Свердлов району – 134 делегат (311 миң 100 адам).

Белгилей кетсек, биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында Курултайды өткөрүү датасы 2023-жылдын 15-декабрына белгиленген, ага байланыштуу республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултай өткөрүлөт.

Ал эки этапта өтүшү керек: адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик Курултай өткөрүлөт.

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, кезексиз сессиянын чечими менен биринчи Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды чакырышат.

Жергиликтүү курултайга делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат.