«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын алкагында Биринчи май районунун аймагында «Тамеки тартуу» рейди өткөрүлдү.
Биринчи күнү акимиаттын, райондук ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, №12 МАБнын кызматкерлеринен турган комиссия 10 мекемеге барды.
Жыйынтыгында мыйзам бузуулар «Бар12» (Раззаков көчөсү 32 дареги), «Мюнхен паб» (Токтогул көчөсү 87а дареги), «Авеню» кафейнясы (Бөкөнбаев көчөсү 101 дареги), «Чердак» кафеси (М. Горький көчөсү 27/1 дареги) жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, 13 000 сомдон 52 000 сом өлчөмүндө айып салынган.
Эртеси күнү 7 мекеме текшерилип, 39 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салынды, «Urban» кафеси (Раззаков көчөсү 15 дареги), «Империя Пиццы» (Чүй көчөсү 114 дареги), «Season terace» ресто-бары (Ю. Абдрахманов көчөсү 196 /1 дареги) 3 протокол түзүлдү.
Калгандарында мыйзам бузуулар аныкталбай, мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет, б.а. тамеки чеккен жаранга айып пул салынат.