Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти «Мектеп лигасын» өткөрүүдө.
Негизги максат-Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун андан ары өнүктүрүү, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларын спорт менен системалуу машыгууга тартуу, келечектүү спортсмендерди андан ары адистештирилген спорттук мектептерге даярдооого жана мектептер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо.
2023-жылдын 8-октябрынан 10-октябрына чейин №10 орто мектебинин спорт залында программанын алкагында балдардын жеңил атлетикасы боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринен жана гимназияларынан 15 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:
1-орун - №16 жалпы орто билим берүү мектебинин командасы ээледи;
2-орун - №65 ЭЭЛ командасы;
3-орун - №66 жалпы орто билим берүү мектеби;
4-орун - №10 жалпы орто билим берүү мектеби.
Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери тиешелүү даражадагы кубоктор, медалдар менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.