Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын курулушун улантууда.
Учурда 1-блоктун темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. 2-блоктун темир-бетон орнотуу иштери, ошондой эле сырткы инжинердик тармактарын куруу иштери уланууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метр, жалпы аянты - 0,68 га.
Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар каралган.
“Арай” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.