«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кичинекей мекендештер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жолдорду курууну улантууда.

6-кичирайондо  Сухэ-Батор көчөсүнөн №82 мектепке чейинки билим берүү уюмунун  кире беришине чейин капиталдык оңдоо иштери башталды.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана өзгөчө окуучулардын коопсуз жүрүшү үчүн   жолду капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат.

Алсак, ирригациялык системаны орнотуу, асфальт төшөө үчүн даярдык иштери, ошондой эле тротуарларды жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Ишкананын кызматкерлери  асфальт-бетон аралашмасын төшөөнү аяктап, жолдун жээгиндеги  иштерди  аткарууда.