28-сентябрдан 1-октябрга чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун спорттук базасында уландар арасында ордо боюнча мелдеш өттү. Аларга Бишкек шаарынын орто мектептеринен жана гимназияларынан 10 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча уландар арасында жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:
- 1-орунду №5 Улуттук компьютердик гимназиянын командасы ээледи;
- 2-орунду №94 жалпы орто билим берүү мектеби;
- 3-орунду №87 жалпы орто билим берүү мектеби;
- 4-орунду №66 жалпы орто билим берүү мектеби.
Белгилей кетсек, мелдештин бардык жеңүүчүлөрү тиешелүү даражадагы кубок, медаль, дипломдор менен сыйланышты.
«Мектеп лигасы» программасынын негизги максаттары окуучуларды жана жаштарды сергек жашоого тартуу, Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун андан ары өнүктүрүү, окуучуларды спорт менен системалуу машыгууга тартуу, келечектүү оюнчуларды аныктоо, спорт сүйүүчүлөрүнүн бош убактысын уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү аныктоо болуп саналат.
Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин ийгиликтери менен куттуктайт.