2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай өткөрүлүп, анда делегаттар тарабынан жер участокторун мыйзамдаштыру жана мыйзамсыз курулуштар боюнча 12 маселе көтөрүлгөн.

Бул боюнча  2023-жылдын январь - сентябрь айында төмөндөгүдөй (демонтаж) иштер аткарды:

- 2020 билдирме баракчалары (уведомление) берилди;
- жалпысынан -1675 курулуштар (объекттер) бузулган (81706 чарчы метр муниципалдык жерлер бошотулган) алардын ичинен:
- 1450 женил типтеги объекттер болсо, анын ичинен 101 жол боюнча;
- 225 капиталдык курулуштар, кошумча курулуштар, тосмолор, пайдубалдар, анын ичинен 60 жол боюнча.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого,  Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 26-октябрындагы № 217 “Бишкек шаарынын аймагындагы жер мунапысынын объекттерине менчик укуктарды бекитүү боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 26-октябрындагы № 218 «Бишкек шааарынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык, Бишкек шаарынын 4-районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын 96 отуруму өткөрүлдү.

Жалпысынан 7198 материал каралып, анын ичинен 1606 арыз канааттандырылды, 88 арыз боюнча жер участогун бекитип берүүдөн баш тартылды, 937 материал мурда иштелип чыккан корутундуларды тактоо жана башка маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын кароосуна жана 6829 материал «Бишкекбашкыархитектура» МИ на белгиленген тартипте корутунду иштеп чыгууга жөнөтүлдү.