Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине караштуу Спорттун стол үстүндөгү жана улуттук түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча мыкты мекеме» сынагында биринчи орунду ээледи.
Белгилей кетсек, сынак Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 28-августунан 9-сентябрына чейин өткөрүлгөн.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада өттү.