Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө инновациялык системаларды киргизүү максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, светофордук объекттерди модернизациялоо, светофордук жана жол таянычтарын реконструкциялоо пландаштырылууда:
- Аалы Токомбаев көчөсү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин.