Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жолдордун курулушун текшерди.

Свердлов акимиаты "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен биргеликте  жолдорду асфальттоону улантууда.

Бүгүнкү күндө Мажурум-Тал жана Февральский көчөлөрүндө капиталдык курулуш иштери башталды.  

Керченский көчөсүндө  Элебесов көчөсүнөн "Дача-Керченская"конушуна чейин, жалпы  узундугу 720 метр болгон жолду капиталдык куруу иштери жүрүп жатат. Учурда Элебесов көчөсүнөн Фирсов көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп, калган участок асфальт  төшөөгө даярдалууда. Ошондой эле Арал көчөсү Элебесов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт  төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Жолдун узундугу 1380 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык,  Үсөнбаев жана Менделеев көчөлөрүндө  жолдорду капиталдык оңдоо иштери аяктаган.