Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин кызматкерлери үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” жана “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” аталышында окуу семинар өтүп, практикалык бөлүгүндө кызматкерлерге жат жазуу жаздырды. Семинарга 25 адам катышты.

Окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу жана кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.