Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай өткөрүлгөн.

Элдик Курултайда экология, ыш-түтүн жана таштанды маселелери боюнча 8 маселе көтөрүлгөн. Бул маселелер боюнча  төмөнкү   иштер жүргүзүлдү:

“Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы тарабынан таштанды полигонунда өрт коркунучуна дуушар болгон участокту жөнгө салуу максатында кошумча атайын техникалар жалданып, учурда полигондун үстүндө терраса даярдоо, таптоо жана тегиздөө жумуштары улантылууда. 2023-жылдын апрель жана май айларына карата 10 гектардын астында түтүн болуп жаткан участоктор инерттик материалдар менен жабылып, бүгүнкү күндө таштанды таштоочу жайдагы өрт толугу менен өчүрүлдү.

2023-жылдын 1-мартында таштандыларды кайра иштетүүчү комплексти куруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы менен Чехиялык жана Россиялык компаниялардын консорциумунун ортосунда жол картасы менен кызматташуу ниети жөнүндө протоколго кол тамга коюлган. Ал эми 2023-жылдын  28-апрелинде өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол тамга коюлду. 2023-жылдын июнь айында Сочи шаарында (Россия Федерациясы) Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды кайра иштетүү комплексинин долбооруна техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо максатында, ЕАӨБы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол тамга коюлган. Долбоордун жалпы наркы 45 млн АКШ долларынан кем эмес деп бааланууда. Жаңы полигон ачылганга чейин таштандыларды таштоочу жайдагы өрттү толугу менен өчүрүү, жаңы очоктордун алдын алуу, полигондогу калдыктарды эсепке алуу системасын өзгөртүү, таштандыларды полигонго ташып келүүчү жерди өзгөртүү жана таштандыларды башкаруу системасын өзгөртүү боюнча маселелер каралууда.

Бишкек шаарындагы конуштарды газдаштыруу маселеси боюнча Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын инвестициялык программасына ылайык Бишкек шаарынын 27 конушун газдаштыруу боюнча жумуштар жүргүзүлдү. Газдаштырылган турак-жайларда бүгүнкү күндө үй чарбаларынын жалпы санынын 60%ка жакыны газдаштырууга кошулган.

Үстүбүздөгү жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасына ылайык, 9 конуштарды газдаштырууга курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдѳ: «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек Турбаза», «Бакай-Ата», «Ала-Арча», «Токолдош», «Попеновка», «Жогорку Көк-Жар» жана Товарная көчөсү.

Газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландык узундугу 58,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө «Ала-Арча», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза», «Ак-Тилек -2», «Бакай-Ата», «Токолдош» конуштарында курулуш иштери жүргүзүлүп, 13,5 чакырым куруу иштери аяктады (23%).

Ошондой эле КРнын Финансы министрлиги жана мамлекеттик банктар менен биргеликте газ менен камсыздоо жана жеке менчик үйлөрдүн отказандарын сатып алуу үчүн жеңилдетилген кредиттер берилип жатат.

Отканаларды газга которуу боюнча Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 22 көмүр отканасын жаратылыш газына же альтернативдик энергия булактарына өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 1-октябрына карата «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан 16 кѳмүр от казандарын куруу иштери бүткѳрүлдү, бул объектерди газга кошуу иштери жүрүүдѳ.

Ошондой эле 3 откана жайгашкан (№ 86, 94, 99 мектептер) аймактарда газ тармагы жоктугуна байланыштуу көмүр от казандарын электр жылытууга өткөрүү иштрери жүрүп жатат. Андан тышкары 2 электр отканасын жаратылыш газына ѳткѳзүү боюнча иштер жүрүүдѳ (№ 78 жана 100), бул аймакта газ түтүгү ѳткѳн.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында жана Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу боюнча мэрия тарабынан жыл сайын 10,0 миңден кем эмес  жашыл көчөттөрдү отургузуу пландалууда.

2023-жылы 11296 даана жазы жалбырактуу, 4274 даана ийне жалбырактуу, 5506 даана бадалдардын жана 200000 даана жашыл тосмо көчөттөрүн отургузууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндѳ Бишкек шаарында 10131 даана жазы жалбырактуу, 4443 даана ийне жалбырактуу, 3277 даана бадалдардын ар кандай түрлѳрү жана 85600 даана жашыл тосмо көчөттөрү отургузулду.

Айлана-чөйрөгө зыян келтире турган жана тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө жол бербөө максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан  2023-жылдын январь-август айларында 414 объект текшерилип, экологияга зыян келтирүүчү каучук, желим жана синтетикалык калдыктарды өрттөбѳѳ боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн мөөнөттө 26 протокол түзүлүп, 239,5  миң сомго айып пул салынды