Борбор калаада ШКУнун саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарды ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул иш-чараларды Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБ, электросамакаттарды ижарага берүүчү «Аренда сервис», «To Go», ЖЧК «Абрикос» («e-motion»), Promo Express" ("Sunrent") ЖЧКнын өкүлдөрү талкуулашты.

12-октябрда таңкы саат 00:00гө чейин делегациялардын каттамдарына бир күнгө чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн колдонуучулар арасында да билдирүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө муниципалдык паркинг, унаа токтотуучу жай жана базарлар менен эки компания келишимдик мамиледе: «Промо Экспресс» ЖЧК (SunRent), «Абрикос» ЖЧКсы (e-motion).

Аталган ишкана Бишкек шаарынан жогоруда аталган эки ишканага электрсамокаттарын токтотуучу жай үчүн 40 жер бөлүп берген.

Урматтуу шаардыктар! Маршрутуңузду саммиттин алдында пландаштырыңыз же башка транспорттун түрүн  колдонуңуз.

Райондук администрация тарабынан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.