Борбор калаада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитине байланыштуу 2023-жылдын 12-13-октябрында бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн режиминде окушат.

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.