Борбор калаада “Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” жана “Административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык администрациясы” кароо-сынагынын экинчи этабы өтүүдө.
“Административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык администрациясы” жана “Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” сынактарынын жеңүүчүсүн аныктоо максатында комиссия жерине барып, иш менен жеринде таанышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков жана комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин, Биринчи май, Свердлов жана Октябрь администрациялык райондорунда, ошондой эле Бишкек шаарынын № 3, 6, 14, 19 муниципалдык аймактык башкармалыктарында болушуп, аткарылган иштерге баа беришти.
Баалоо комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир критерий боюнча 0дөн 5 баллга чейинки баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылат.
“Административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык администрациясы” жана “Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” сынагынын байге фонду 200 миң сомду түзүп, төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- «Административдик район боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык администрациясы» - 100 000 миң сом;
- “Бишкек шаарынын мэриясынын мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы” – 100 000 миң сом.
Урматтуу шаардыктар! Конкурстар муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүүдө.