Свердлов районунда жашы жете электердин  укуктарын камсыз кылууга багытталган профилактикалык иш-чараларды уюштуруу максатында көп батирлүү үйлөрдөгү мейманканаларга рейддер жүргүзүлүүдө.

2023-жылга рейддик иш-чаралардын графигине ылайык, Балдар иштери боюнча инспекциянын, Ички иштер башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусу менен тиешелүү документтери жок иш жүргүзгөн мейманканаларды аныктоо, ошондой эле аталган жайларда жашы жете электердин бар-жогун текшерүү үчүн рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралар мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарга бөгөт коюуга багытталган.