“АК ИЛБИРС” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучусу Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынды.
Белгилей кетсек, мелдеш 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында жана Кытайдын беш шаарында өтүүдө. Ага 45 өлкөдөн 12 500дөй спортчу катышууда.
Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Спортчу биринчи беттеште Япониялык спортчуга утулуп, андан кийин Тажикстандын өкүлүн утуп, коло байге үчүн болгон беттеште Өзбекстандын балбаны менен беттешип, жеңишке жетти.