Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкулоо үчүн чыгарат.
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин 9 долбоору иштелип чыккан.
«Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун долбоорунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын административдик регламенттерин аткаруу;
- тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыздоо, кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу администрациялык-башкаруу жана башка аракеттерди оптималдаштыруу, ошондой эле кызмат адамдарынын жана кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана даярдоо мөөнөттөрү үчүн жеке жоопкерчиликтерин жогорулатуу.
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары (0312) 66-09-47,
0702 32-25-30 жана электрондук дарек аркылуу билдирсеңиздер болот: arg@meria.kg.