Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтүп жаткан учурда электр самокаттарын ижарага алууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бул чектөөнү Биринчи май районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, №12 МАБдын өкүлдөрү жана электр самокаттарын ижарага берген “Аренда сервис”, “Togo.kg”, “Aбрикос”, “e-motion”, “ Промо экспресс”, «Sunrent» компанияларынын ээлери менен талкуулашты.
12-октябрда делегация жүрүүчү маршрут боюнча таң эртеден баштап саат 00:00гө чейин чектөөлөр киргизилип, транспорттун бул түрүн колдонуучулар арасында бул билдирүүнү жайылтуу чечими кабыл алынды.
Урматтуу шаардыктар! Саммит алдында маршрутуңузду пландаштырыңыз же башка транспортту колдонуңуз.
Райондук администрация тарабынан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.