Октябрь акимиаты райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте 2023-жылга карата «Кесепеттердин алдын алуу жана жоюу» планын ишке ашыруунун алкагында Куттубаев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Аламүдүн дарыясын тазалоо иштерин жүргүзүштү.

План боюнча 120 с/м тазалоо иштери жүрүп, тазалоого 1 экскаватор, 2 даана ХОВО самосвалдары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жакын арада Аламүдүн дарыясынын жогорку Көк-Жар конушу менен бирге Салкын көчөсүнүн жээгин тазалоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Бул иштер жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.