"Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы Биринчи май районундагы Айни көчөсүнөн Водопроводная көчөсү менен Ч.Айтматов көчөсүнө чейин ирригациялык тармактарды орнотуу иштерин улантууда

Ошондой эле ачык коллектордук-дренаждык тармактарды кол менен жана механикалык тазалоо Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунда магистралдык каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда төмөнкү көчөлөрдө иштер жүргүзүлүүдө:
- Лев Толстой көчөсүндө;
-Арал көчөсү  Дача көчөсүнөн Фирсов көчөсүнө чейин;
- Алыкулов көчөсүнүн  кесилишинен  Л. Толстой көчөсүнө чейин;
- Сухэ-Батор көчөсүндө;
-Матвеев көчөсүндө;
-Пензенская көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин;
- Ак-Тилек көчөсү  Элебесов көчөсү менен Ат-Ойнок көчөсүнө чейин;
- Пензенский көчөсү  В. Фере көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин.

Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарды, дренаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыга толтурбоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону өтүнөбүз.