Борбор калаада тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Иштин жүрүшү менен Биринчи май акимчилигинин аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков таанышты.
Ал эми чыгыш тарабында “Бишкекасфальтсервис” МИнин подрядчылары Тоголок Молдо көчөсүн Жибек-Жолу көчөсүнөн баштап Рыскулов көчөсүнө узундугу 540 метрди түзгөн тротуарды асфальттап жатышат.
Ал эми батыш тарабында сугат лотоктору жана бордюрлар орнотулууда.
Бул багыттагы иштер улантылууда.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунун жанындагы тротуар көптөн бери оңдолбой, жаан-чачын учурунда адам өтө албаган абалга жеткен.