5-октябрда Пушкин көчөсү, 78а дарегиндеги Эмен паркынын галереясында таштанды жана булгануу темасына арналган экофестивалдын салтанаттуу ачылышы болду.
Иш-чаранын уюштуруучулары CEC ArtsLink (АКШ), Taзар Кыргызстан жана Бишкек заманбап искусство мектеби (BишСи), ошондой эле «Тазалык» ишканасынын директору Рамиз Алиев куттуктоолорун айтышты.
Ачылыш учурунда эко-иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөн Бишкек мэриясына жана Биринчи май муниципалдык администрациясына ыраазычылыктар айтылды.
Бул жерде Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШ, Швейцария, Голландия, Грузия жана Чехиядан келген сүрөтчүлөрдүн 20дан ашык эмгектери коюлган, алар инсталляцияларды жаратуу ыкмалары тууралуу айтып беришти.
6-октябрда саат 14:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында спектаклдер коюлат.
Фестиваль 20-октябрга чейин өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, 7-октябрда саат 14:00дө Алтын-Казык конушундагы таштанды таштоочу жайдын жанында ар кандай маданий иш-чаралар уюштурулуп, таштанды музейи жана коомдук жай ачылат.