Октябрь районунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жана «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген көрнөк- жарнактарды жана тышкы жарнакты алуу, ошондой эле борбордук көчөлөрдүн боюндагы фасаддарды жаңылоо иштери активдүү жүрүп жатат.
Алсак, 26 объекттин фасаддарын жаңылоо пландалып, анын ичинен 21 объект сырдалган.
Байтик Баатыр көчөсүнүн боюндагы жарнак такталарын жана тышкы жарнакты алуу боюнча 6га жакын объект аныкталып, демонтаждалган.
Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштары мамлекеттик жана расмий тилде таризделет.
Кыргыз Республикасында көрнөктөр, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрсөтмө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл болгон учурда башка тилдерде да чыгарылат.
Башка тилдердеги тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.