Борбор калаанын мэринин тапшырмасы менен тротуарларды курууга тоскоол болгон объектилерди масштабдуу түрдө демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Октябрь районунун аймагында Матросов жана Саманчин көчөлөрүнүн боюнда болжол менен 6 жеңил объект демонтаждалган, мындан тышкары дагы 5 объектти демонтаждоо пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерине өз ыктыяры менен демонтаждоо жөнүндө эскертүүлөр берилген, бирок берилген эскертүүлөр боюнча 2 объект өз ыктыяры менен демонтаждалган.