Свердлов районунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын мүчөлөрү үчүн «Коопсуз коом» аталышындагы 2 күндүк окуу семинары өттү.
Семинар Свердлов районунун акимиатынын, Свердлов районунун ички иштер бөлүмү, Социалдык өнүктүрүү департаменти, райондук билим берүү борборунун, пробация бөлүмүнүн, аксакалдардын жана МАБнун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
Тренинг гендердик көйгөйлөрдү түшүнүү, гендердик басмырлоону жеңүү жана Координациялык комиссиянын жергиликтүү жамааттардагы гендердик негизде (үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка) натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн билимдерди, көндүмдөрдү жана инструменттерди өнүктүрүүгө багытталган.
Семинар USAIDдин “Мыйзам булагы” долбоорунун колдоосунда өттү.