Борбор калаанын акимдери бардык мугалимдерди, окутуучуларды жана билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Райондун акимдери куттуктоолорунда мугалимдин бардык деңгээлдеги сапаттуу билим берүү процессинде ролу эбегейсиз экендигин, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келе жатканын белгилешти.
Октябрь акимиатында балдарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мугалимдерге ыраазычылык кат, Ардак грамоталар, энчилүү сааттар тапшырылып, окуучуларды олимпиадага даярдаганы үчүн 10,15 жана 20 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Мектептин Чыгыш жыйындар залында 29 мугалимди Биринчи май районунун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Райым Жолдошов, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Абдыллабек уулу Манас куттукташты.
Свердлов районунун №67 мектебинин жыйындар залында Бишкек шаардык Кеңештин депутаты Кенжебаева Светлана, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков кесиптик майрамы менен куттукташты.
Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрация тарабынан №40 мектепте билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага мектеп, бала бакча, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын жетекчилери чакырылган.
Район башчысы Жыргалбек Шакиев чакырылгандарды билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, баланы тарбиялоодо, аны билим алууга жана кесипкөйлүккө багыттоодо жана ошол эле учурда коомго пайдалуу адам болууга тарбиялоодо мугалимдердин ролу чоң экендигин баса белгиледи.
Балдарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн мурдагы мектеп жана бала бакча жетекчилерине энчилүү сааттары тапшырылды.
«Манас» театрынын, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын администрациясы тарабынан баалуу белектер, төш белгилер, дипломдор тапшырылды.
Иш-чара опера, фольклор боюнча эмгек сиңирген артисттер Үмүт Тилегенова, Гүлназ Бекбосун кызы жана Ленин районунун балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.
Педагогдорго сабырдуулугу жана кесибине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирилип, өзгөчөлөнгөн мугалимдерди, ошондой эле райондук «Жүрөгүмдү балдарга берем – 2023» сынагынын жеңүүчүлөрүн Ардак грамоталар, администрациянын ыраазычылык каттары жана белектер менен сыйлашты.
Борбор калаанын муниципалдык администрациялары бардык мугалимдерди чын жүрөктөн куттуктап, чоң ыраазычылыктарын билдиришти.