Бишкекте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Алсак, Биринчи май районунун аймагындагы Абдрахманов көчөсүнүн батыш тарабына Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин узундугу 980 метрге чейин асфальт төшөлдү.
Буга чейин Медеров көчөсүнүн түштүк тарабына Панфилов көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки 820 метр жерге асфальт төшөлүп, түндүк тарабына лоток жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Лев Толстой көчөсүнүн түштүк тарабына Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин узундугу 1100 метр жерге, ошондой эле Абдрахманов көчөсүнүн батыш тарабына Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин 980 метр асфальт төшөө иштери аяктады.
Исанов көчөсүн бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Киев көчөсүнө чейин чыгыш тарабына жана Фрунзе көчөсүнө чейин батыш тарабына асфальт төшөлүп бүттү, ал эми чыгыш тарабында Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин сугат лотокторун, бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Бул багыттагы иштер улантылууда.