Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын конокторунун жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтарды натыйжалуу жана ыкчам алдын алуу үчүн шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди киргизүү жана уюштурууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шаардын төмөнкү негизги көчөлөрүндө атайын тилкелерди уюштуруу пландаштырылууда:
- Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
- Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүндө Жибек - Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- Манас проспектисинде Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
- Ден-Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
- 7-апрель көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.